22 Чын куран архиви

Каныбек Ботобаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды
22
Чын куран

Ботобаев Каныбек Калбаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертиза аяктаганга чейин уран кенинде ишти токтотуп турууну тапшырды
22
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды. Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, 2018-жылдын 31-декабрында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын мүчөлөрү тарабынан калк өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр биметаллдык алюминий радиоторлорду чыгаруучу алгачкы ишкананы тез арада ишке киргизүүгө аракеттешүүнү тапшырды
22
Чын куран

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек ЭЭА аймагындагы «Тан Дем» ЖЧКсынын биметаллдык алюминий радиоторлорду чыгаруучу заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ишкананын директору ишке ашырылып жаткан долбоорлор, иштин жүрүшү жана жалпы технологиялык процесс тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, курулуп жаткан ишкана 60,000 чарчы метр аянтты ээлейт, анда биметаллдык алюминий радиоторлорду чыгаруучу завод жана кошумча имараттар Уландысы

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарына байланыштуу маселелерди талкуулоо боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү
22
Чын куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Фергана шаарында (ӨР) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарына байланыштуу маселелерди талкуулоо боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусуна катышты. Өзбек тараптын делегациясын Премьер-министрдин орун басары Элёр Ганиев жетектеген. Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарынын ишине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР