26 Чын куран архиви

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ЕБ Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Жолугушуу учурунда эки жактуу күн тартибинин, анын ичинде өлкөдөгү соттук-укуктук реформаларды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды. Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, ЕБ менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктарынын бири жана ал өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан Уландысы

МЖӨ алкагында Ош шаарында Кыргыз Республикасындагы үчүнчү диализ борбору ачылды
26
Чын куран

«Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында Ош шаарында жаңы диализ борборунун ачылышы болду. Бул мекеме Фрезениус Медикал Кэйр (Германия Федеративдүү Республикасы) компаниясы менен өнөктөштүктө ачылган. Клиника 11 жаңы диализ жабдуулары менен жабдылган. Диализ борборунда 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алардын баары кошумча окутуудан Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Преференциалдык калктуу конуштар жөнүндө» токтомго кол койду
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Преференциалдык калктуу конуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Документ 5 жылдык мөөнөттө жана 10 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен салыктын төрт түрү боюнча – сатуу салыгынан, киреше салыгынан, жер салыгынан жана өндүрүштүк, экспортко багытталган жана инновациялык ишканаларды ишке киргизүүдө кыймылсыз мүлк салыгынан бошотуу жолу менен республиканын аймактарында жана Уландысы

Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкуловдун төрагалыгы алдында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын өткөрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү Иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Кеңешменин жүрүшүндө тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргыз Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кореялык компаниялардын өкүлдөрү менен келечектүү инвестицияларды талкуулады
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Корея Республикасынын Жалданма компаниялар эл аралык ассоциациясынын төрагасы Ли Кун-Ки, ошондой эле менен кореялык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.  Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттар жана келечектүү биргелешкен инвестициялык кызматташуу талкууланды. Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Корея Республикасы Кыргыз Республикасынын Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат. Жеңиш Разаков баса көрсөткөндөй, Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР