7 Бугу архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандык авиацияны өнүктүрүү үчүн МЖӨ механизмдерин киргизүү иштерин тездетүүнү тапшырды
7
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Манас» эл аралык аэропортун жана аймактык аэропортторду модернизациялоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, «Манас» аэропорту өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ, буга байланыштуу авиа түйүндү инвестиция тартуу аркылуу мындан ары карай өнүктүрүү жана модернизациялоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. «Атаандаштык жылдан жылга өсүп жатат. Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тукеш Токтомушевден кабар алды
7
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Нарын шаарына жумушчу сапарынын алкагында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Нарын шаарында жашаган ардагери Тукеш Токтомушевден кабар алды. «Сизди чын жүрөктөн 9-Май – Жеңиш майрамы менен куттуктайм. Сиз – эрдиктин, тайманбастыктын жана руханий кубаттын жаркын үлгүсүсүз. Дал ушул сиздердин, согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин арты менен биз тынчтык заманда жашап, эмгектенип Уландысы

Экспорттоочулар жеңилдетилген насыя ала алышат
7
Бугу

«Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо» долбоорунун алкагында экспорттоочуларга жеңилдетилген насыя жеткиликтүү болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 2019-жылдын майынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо» долбоорун ишке киргизет. Анын башкы максаты – өлкө аймактарындагы өндүрүлгөн продукцияны экспорттогон жана экспортко багытталган жаңы ишканаларды ачкан Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР