16 Бугу архиви

Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүштү
16
Бугу

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселелери боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган участокторун сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды. Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун жолугушуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин талаада биргелешип изилдөө жүргүзүү тууралуу макулдашышты. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз суу ресурстарын этият жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылууга тийишпиз
16
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Суу боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Суу кодексин жүзөгө ашыруунун Жол картасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү калкты, айрыкча өлкө аймактарын ичүүчү таза жана сугат суусу менен толук кандуу камсыздоо маселеси курч турат. Анын айтымында, эл аралык изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдө Уландысы

Таалайбек Корголдоев Сокулук районунун акими кызматынан бошотулду
16
Бугу

Корголдоев Таалайбек Ишенбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Кыргызстанда «Salam» бренди менен жаңы уюлдук байланыш оператору ачылат
16
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин,  «Альфа Телеком» ЖАКтын жана «Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилери менен «Альфа Телеком» ЖАК жана «КТ Мобайл» ЖЧК ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» менен жыштыктарды биргелешип колдонуу Уландысы

Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча сынак өткөрүүнүн тартиби бекитилди
16
Бугу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 223 токтому менен Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча сынак өткөрүүнүн тартиби бекитилди. Мыйзамдык актыда төмөнкү мамлекеттик активдерге карата ишенимдүү башкаруучуларды тандоо боюнча ачык сынак өткөрүү эрежелери жана шарттары аныкталат: – акционердик коомдордун жана ЖЧКлардын мамлекеттик менчиктеги акциялары (үлүштөрү); – мүлк комплекстери катары мамлекеттик ишканалар (Куралдуу Күчтөр тутумунда Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР