17 Бугу архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Бүгүн илимдин соңку жетишкендиктерин пайдалануусуз медицинанын өнүгүүсүн элестетүү мүмкүн эмес
17
Бугу

Бүгүн илимдин соңку жетишкендиктерин пайдаланбастан, медицинанын өнүгүүсүн элестетүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова «Кардиохирургиядагы инновациялар: манжалык митралдык комиссуротомиядан жогорку технологиялык жабдуулар имплантацияларына чейин» эл аралык илимий-практикалык конференциясында сүйлөп жатып билдирди. «Мен бул конференция ага катышкан кесипкөй дарыгерлерге жана белгилүү окумуштууларга маанилүү окуя болуп калат деп ишенем. Конференциянын алкагында мастер-класстарды, кардиологдордун Уландысы

«Кызматташтыктын чек араларын кеңейтүү» бизнес-форуму
17
Бугу

Бүгүн, 2019-жылдын 17-майында, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын саммити алдында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалыгы алкагында «ШКУ: Кызматташтыктын чек араларын кеңейтүү» бизнес-форуму өттү. Бизнес-форумдун негизги максаты – ишкердик кызматташууну бекемдөө, жаңы өнөктөштөрдү издөө, ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулоо, алдыдагы ШКУ мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу астында сунуштарды иштеп чыгуу үчүн уюмдун ишкердик Уландысы

Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
17
Бугу

«2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүү улуттук стратегиясында жарандык коомду өнүктүрүүгө көңүл бурулган», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарында эксперттердин, илим-билим берүү чөйрөсүнүн, жеке жана мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн «Жарандык коом – Өнүгүүнүн жаңы жолдору» регионалдык конференциясында. Вице-премьер-министр өз сөзүндө өлкө Өкмөтүнүн жарандык сектор менен өз ара аракеттешүүсүнүн негизги аспектилерине токтолуп, тигил Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнүн көлөмү өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 71% түзөт
17
Бугу

Кыргыз Республикасынын ШКУга кирген өлкөлөр менен товар жүгүртүү көлөмү өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 71% түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «ШКУ: Кызматташтыктын чек араларын кеңейтүү» бизнес-форумунун жүрүшүндө билдирди. «Инвестициялардын, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы сыяктуу натыйжалуу механизмдерди, бирдиктүү финансы-кредит жана бажы саясатын киргизүү, ошондой эле соода операцияларын жүргүзүүдө бирдиктүү валютаны Уландысы

Коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча бир катар документтер бекитилди
17
Бугу

Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча бир катар документтер бекитилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим коомдук саламаттык сактоо уюмдарында каржылоо механизмдерин жакшыртуу, мамлекеттик финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо максатында кабыл алынган. Жогоруда аталган токтом менен: -  Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдерин аныктоо методикасы; Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР