21 Бугу архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ЮНИДОнун «Төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө токсиндик заттардын таасирин азайтуу» долбоорунун менеджери Нильгун Таш менен жолугушту
21
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар уюмунун (ЮНИДО) Айлана чөйрө департаментинин директорунун орун басары – өнөр жай ресурстарын натыйжалуу пайдалануу бөлүмүнүн жетекчиси, ЮНИДОнун «Төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө токсиндик заттардын таасирин азайтуу» долбоорунун менеджери Нильгун Таш айым менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогоруда аталган глобалдык долбоордун алкагында иштелип чыккан Кыргыз Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бакыт Шаршембиевди кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди
21
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Кубатбек Боронов «Санариптик Кыргызстан» Концепциясынын алкагында иш-чараларды аткарууну тездетүүнү тапшырды
21
Бугу

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Санариптик Кыргызстан» Концепциясын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды аткаруунун жүрүшү тууралуу кезектеги кеңешме өткөрдү. Санариптик трансформация иш-чараларын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдарды каржылоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине зарыл финансы каражаттарын бөлүү боюнча тиешелүү чечим долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тез Уландысы

Өкмөт ипотекалык программаны каржылоого 500 000 000 сом бөлдү
21
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 000 000 (беш жүз миллион) сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчыга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердиги тууралуу маалымат берилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, ипотекалык программа ишке киргенден тартып Өкмөт тарабынан аны каржылоого 4,8 млрд Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Ачык өкмөт сапаттуу экономикалык саясат үчүн сапаттуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт
21
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Сапаттуу экономикалык саясат үчүн сапаттуу маалыматтар» конференциясынын ишине катышты. Замирбек Аскаров иш-чараны ачып жатып белгилегендей, Кыргыз Республикасы «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнө мүчө катары маалыматтардын ачыктыгы маселесине жоопкерчилик менен мамиле кылат. «Маалыматтар анык, так, өз убагында жана актуалдуу гана эмес, ар түрдүү болуп, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн суроо-талабын канааттандырууга тийиш. Белгилей кетсем, демократиялык Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси Шамил Асымбековду кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди
21
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Мурат Мукамбетов Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду
21
Бугу

Мурат Мукамбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш  операторун түзүүнүн, Ачык Өкмөт Улуттук форумунун Катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол эрежесин бузуулар үчүн айыппулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгууну тапшырды
21
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айыппулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Кеңешмеде белгиленгендей, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күнү жол эрежесин бузуулар жөнүндө 108 137 токтом түзүлгөн, анын 44,5% төлөнгөн. Ошол эле учурда жол кыймылынын эрежесин бузуулардын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР