23 Бугу архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Балдарды сапаттуу жана коопсуз жайкы эс алуу менен камсыздоо зарыл
23
Бугу

 Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында Балдар жана өспүрүмдөр үчүн жайкы эс алууну уюштуруу боюнча республикалык штабынын жыйыны өттү. «Балдардын ден соолугун чыңдоочу жана мектептер алдындагы лагерлерди, ошондой эле жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун алдыдагы жайкы сезонго даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү зарыл. Биринчи кезекте балдардын бул мекемелерде коопсуз жүрүүсүн, санитардык ченемдердин сакталышын жана кырсыктарды болтурбоо маселелерин Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздандыруу «Бирдиктүү терезесинин» ачылышына катышты
23
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын  Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана  медициналык техника менен камсыздандыруу департаменти «Бирдиктүү терезесинин» ачылышына катышты. «Бирдиктүү терезенин ачылышы өлкөнү санариптик трансформациялоонун курамдык бөлүгү болгон электрондук саламаттык сактоо программасын ишке ашыруунун алкагында зор мааниге ээ. Электрондук саламаттык сактоо программасынын негизги идеясы бардык саламаттык сактоо уюмдарын бирдиктүү тутумга бириктирүү. Анын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕРӨБ президенти Сума Чакрабартини кабыл алды
23
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабартини кабыл алды Өкмөт башчы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти менен саламдашып, финансы институтунун өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборунун ишке берилиши кубандырат. Биздин өлкөгө көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылык билдиребиз. Биз бизнес-омбудсмен институтун түзүүдө көмөк Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Климаттык каржылоо боюнча борборду ишке берүүгө катышты
23
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборун ишке берүүгө катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, бүгүнкү күнү климаттын өзгөрүү маселеси глобалдык күн тартибинин кыйла маанилүү жана актуалдуу маселелеринин бири болуп саналат. «Биздин өлкө мындай глобалдык процесстерге активдүү катышуусу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүүсү зарыл. Буга байланыштуу Кыргыз Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү иштерин текшерди
23
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын Шанхай кызматташтык уюумунун (ШКУ) саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди. Өкмөт башчы калаанын кире беришиндеги «Аска-Таш» стеласынын тышкы конструкциясын өзгөртүп, жазууларын толук алмаштырып реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары шаардык муниципалитет тарабынан стеланын айланасын жакшыртуу чаралары көрүлүүдө. Премьер-министрге шаардын күндүзгү жана кечки архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу, жолдорду куруу жана оңдоо, көпүрөлөрдү Уландысы

БУУ тарабынан өнүктүрүү жаатында көмөк көрсөтүүнүн рамкалык негиздерин ишке ашыруу боюнча координациялык комитеттин жыйыны өттү
23
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  Бириккен улуттар уюмунун мекемелери тарабынан 2018-2022-жылдарга өнүктүрүү (ЮНДАФ) жаатында Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүнүн рамкалык негиздерин ишке ашыруу боюнча Стратегиялык координациялык комитеттин жыйынына катышты. Жолугушууда 2018-жылдагы ЮНДАФ жыйынтыктары талкууланып, республиканын улуттук артыкчылыктарына жетишүү программаларынын натыйжалары тааныштырылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, БУУ мекемелери Өкмөткө жана мамлекеттик органдарга улуттук стратегияларды жана программаларды Уландысы

Республикалык бюджеттин 2018-жылдагы аткарылышынын жыйынтыктары каралды
23
Бугу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында республикалык бюджеттин 2018-жылдагы аткарылышынын жыйынтыктары каралды. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева баяндама жасады. «Өткөн жылы республикалык бюджет, жыйынды кирешелердин 135 506,4 млн сом жана жыйынды чыгымдардын 141 960,2 млн сом натыйжасында 6 453,8 млн сом суммасындагы дефицит менен аткарылган. 2018-жылы республикалык  бюджетке жыйынды кирешелер 141 533,3 млн сом Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Көмүскө экономика менен күрөш күчөтүлүшү керек
23
Бугу

Көмүскө экономика менен күрөш күчөтүлүшү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын январь-мартына карата өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары каралган кезектеги жыйынында билдирди. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов баяндама жасады. «ИДПнын реалдуу өсүшү Кумтөр кен ишканаларын кошпогондо 1,4% көбөйүп, 105,3% түзгөн. ИДП өсүүсүнө негизги салымды 15,7% реалдуу Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР