24 Бугу архиви

Фоторепортаж – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышты
24
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушунун жүрүшү жана «Кара-Кече» көмүр кенинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Мындан тышкары Өкмөт башчы Жумгал районунда суткалык жөнгө салуу бассейнинин ачылыш салтанатына катышты. Сапардын жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» маданият үйүнүн жана Калык Акиев атындагы драма театрынын абалы Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кара-Кече» көмүр кенинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты
24
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында  «Кара-Кече» көмүр кенинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов белгилегендей, жыл сайын көмүр казуу көлөмү көбөйүп жатат. «2013-жылы казуу көлөмү 1,425 млн тонна көмүрдү түзсө, 2018-жылы – 2,3 млн тоннага жеткен. Республиканын бюджеттик уюмдарына, Бишкек ЖЭБине атамекендик көмүрдү ташууда оңдуу Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова миграциялык процесстер маселелерин талкуулоого арналган жыйынга катышты
24
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Чоң коомдук кеңештин миграциялык процесстерди жөнгө салуудагы өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулоого арналган 28-жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө эмгек мигранттарынын башка өлкөгө чыгуу тутумун уюштуруу маселелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер-жерлерде миграциялык процесстерди жөнгө салуудагы ролу талкууланды. «Заманбап миграциялык процесстер ички татаал социалдык-экономикалык жана саясий процесстердин натыйжасы болуп саналат. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жумгал районунун маданий объектилеринин абалы менен таанышты
24
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн 24-майда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Чаек айылынын Таттыбүбү Турсунбаеванын атындагы “Сон-Көл” маданият үйүнүн абалы менен таанышты. Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисине кинотеатрдын баштапкы капиталдык ремонтуна жумшала турчу чыгашалар сметасын түзүүнү тапшырды. Мындан сырткары Өкмөт башчы Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунун ирригация объекттеринин абалы менен таанышты
24
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Жумгал районундагы суткалык жөнгө салуу ачык бассейиндин ачылышына катышты. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиев сугат суу булагы Башкууганды суусу экендигин маалымдады. «Курулуш объектисинин баасы 113,8 млн сомду түзөт. Курулуштун аякташы  жана Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков КЖБР электрондук маалымат базасына жабдууларды тапшыруу салтанатына катышты
24
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» электрондук маалымат базасы менен иштөө үчүн 150 комплект компьютердик жабдууларды тапшыруу салтанатына катышты. Пландалгандай ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосунда алынган жабдуулар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин КЖБР электрондук маалымат базасы менен иштөө боюнча техникалык инфратүзүмүн жогорулатат. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, берилген жабдууларды республика боюнча ички Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты
24
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты. Транспорт жана жолдор министр Жанат Бейшенов маалымдагандай, учурда курулуш долбоорунун үчүнчү фазасы – узундугу 69,7 км Эпкин-Башкууганды (89,5 км – 159,2 км) участогу, БААЭК 1 жана БААЭК 3 транспорттук коридорлорунун ортосун бириктирүү жолу долбоору ишке ашырылууда. Ишти 2022-жылга карата Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономика министри Олег Панкратовду кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди
24
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР