25 Бугу архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын районундагы мал союучу цехтин курулушун көрүп кайтты
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында мал союучу жана жүндү кайра иштетүү менен алектенген ишкананын курулушу менен таанышты. Ишкана Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүндө жайгашкан. Учурда цехтин жүндү кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк имаратынын курулушу аяктап жатат. Ишкананын жүндү даярдоо жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1000 тоннаны түзөт. Долбоордо кийиз Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Муз-Төр» чек ара кызматынын жана «Торугарт» бажы көзөмөл пунктунун иши менен таанышты
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында «Муз-Төр» чек ара кызматынын жана «Торугарт» бажы көзөмөл пунктунун иши менен таанышты. «Торугарт» бажы өткөрмө-көзөмөл пунктуна барганда Өкмөт башчы аны модернизациялоонун алкагында сатып алынган жабдууларды көрүп чыгып, транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл пунктунун жана ветеринардык көзөмөл пунктунун иши менен таанышты. Евразия экономикалык биримдигинин тышкы Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мыйзамсыз соода жана контрафакт маселелерин талкуулоого катышты
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Жаштар контрафактка каршы. Мыйзамсыз соода жана ага байланыштуу көрүнүштөргө карата мамиле» темасындагы эксперттер жыйынына катышты. Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын, Казакстан Республикасынын соттор кеңешинин, Евразиялык экономикалык союзунун сотунун, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык корпусунун өкүлдөрү катышышты. Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрүн куттуктады
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясындагы Акыркы коңгуроо салтанаттуу линейкасына катышты. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө бардык бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мектепти ийгиликтүү аяктоолору менен куттуктап, аларга бардык пландарынын жана баштоолорунун ишке ашырылышын каалады. «Бүгүн силер үчүн акыркы коңгуроо кагылат. Бул чындап эсте калуучу жана жаркын майрам. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарындагы № 7-мектептин окуучуларынын акыркы коңгуроо салтанатына катышты
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы №7-мектептин окуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо салтанатына катышты. Өкмөт башчы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктоолору менен куттуктап, аларга көздөгөн максаттарына жетүүнү,  билим алууга жана ар дайым өзүн өзү өркүндөтүүгө умтулууну каалады. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бардык бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктоолору менен куттуктайм. Мектеп Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев телефондук сүйлөшүүдө Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду туулган күнү менен куттуктады
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповду туулган күнү менен куттуктады. Мухаммедкалый Абылгазиев Абдулла Ариповго бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Өкмөт башчылар ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана өлкөлөр ортосунда мындан ары карай өз ара аракеттешүү келечегин талкуулашты.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы жергиликтүү органдардын жетекчилерин демилгесиздиги жана аймактарды өнүктүрүү чараларынын жоктугу үчүн сындады
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө аймактын жергиликтүү органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы ар кыл тармактарда Өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик саясаттын жана реформалардын негизги багыттарына токтолду. Жыйындын жүрүшүндө Премьер-министр райондук акимдерге республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган инфратүзүмдүк жана социалдык объекттердин курулушунун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү, коомдук жашоонун жана Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР