28 Бугу архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады
28
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамын жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын чек арачыларынын күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: Урматтуу чек арачылар! Кадырлуу ардагерлер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сиздерди Чек арачылар күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Быйыл Кыргыз Республикасынын Чек Уландысы

Премьер-министрдин «Санат» балдардын ден соолугун чыңдоочу борборунда жүргүзүлгөн оңдоо иштерине тиешеси бардыгы жөнүндө маалымат анык эмес
28
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Санат» балдардын ден соолугун чыңдоочу борборунда жүргүзүлгөн оңдоо иштерине тиешеси бардыгы жөнүндө социалдык тармактарда жайылтылган маалыматтарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет. 2017-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 215-б буйругу менен билим берүү тутумунун жумушчуларына ден соолук чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЭКККМК башчысы Бакир Таиров менен экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөштү күчтөндүрүү чараларын талкуулады
28
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды. Жолугушууда ЭКККМК ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн учурдагы жыйынтыктары, ошондой эле жакынкы мезгилдерге артыкчылыктуу пландары талкууланды. ЭКККМК төрагасы Бакир Таиров өлкөнүн мамлекеттик органдарында  көрүлүп жаткан экономикалык кылмыштарды ачуу жана коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча чаралар тууралуу маалымдады. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР