31 Бугу архиви

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков КМШ ӨБК тар чөйрөдөгү жыйынына катышты
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин Ашхабад (Түркмөнстан)  шаарында өтүп жаткан тар курамдагы жыйынына катышты.    «КМШ диалог аянтчасын жана анын институттарын көп пландуу кызматташууну  өнүктүрүү, тараптардын кызыкчылыктарына жооп берген интеграциялык процесстерди  ырааттуу тереңдетүү үчүн максималдуу натыйжалуу пайдалануу маанилүү. Алсак, соода-экономикалык мүнөздөгү кыйла актуалдуу маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Балдар өмүрүн сактайлы!» радиомарафонунун фондуна 200 миң сом бөлдү
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Балдар өмүрүн сактайлы!» радиомарафонунун фондуна 200 миң сом бөлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Биринчи радио» тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында уюштурулган радиомарафондун жүрүшүндө билдирди. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бардык балдарды майрамы – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, Уландысы

Кыргыз Республикасынын вице-премьери Жеңиш Разаковду Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов кабыл алды
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьери Жеңиш Разаковду Түркмөнстандын Президенти  Гурбангулы Бердымухамедов кабыл алды. «Менин досум жана бир тууганым – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго менин чын жүрөктөн чыккан каалоолорумду айта барыңыз. Биз боордош коңшуларданбыз, бир аймакта жашайбыз жана бири бирибизди колдошубуз керек. Арабызда ишке ашырыла элек потенциал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы потенциал бар. Биз аны колдонууга тийишпиз, Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды чек ара аркылуу өткөрүү процесстерин жөнөкөйлөштүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасы аркылуу үчүнчү өлкөгө товар ташуу шарттарын жеңилдетүү тууралуу казак тарап менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө биздин республикадан товарларды экспорттоонун учурдагы абалына, бажылык түзүү шарттарына жана жалпы товардык продукцияларды Казакстан Республикасынын аймагы боюнча өткөрүү процесстерине байланыштуу маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган фактыларды тыкыр текшерүүнү тапшырды
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды тыкыр текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал «КТ Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Инвестициялык климаттын жакшыруусу инвестициялык көлөмдүн өсүүсүнө алып келди
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) инвестициялык форумунун ачылышына катышты. Замирбек Аскаров өз сөзүндө ЕРӨБ чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөгү ролун жана ордун белгиледи. «Өкмөт ЕРӨБ менен биргеликте республикада ишкерликти өнүктүрүү боюнча маанилүү иштерди жасады. Ишкерликти коргоо институту – Бизнес-омбудсмен түзүү анын олуттуу жыйынтыгы болуп саналат. ЕРӨБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР