4 Кулжа архиви

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты
4
Кулжа

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын алкагында «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун Казарман – Жалал-Абад участогунун жана Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Участоктун узундугу Көк-Арт ашуусундагы тоннелди кошкондо 138,5 чакырымды түзөт. Курулуштун жалданма компаниясы «Чайна Роад энд Бридж Корп.» болуп саналат. Учурда долбоордук тилкелерде толук масштабдуу курулуш иштери жүрүүдө. Долбоор Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасында музей ишин өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү
4
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасында музей ишин өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасында музей ишин өнүктүрүү маселеси талкууланып, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин, Кыргыз Республикасынын М.В.Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык Үй музейинин ишмердиги тууралуу маалымат угулду. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө белгилегендей, республиканын заманбап музейлери – маданий мурастын сактоочусу, илимий билим берүү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткезчиликти жоюу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды
4
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик продукцияларды ташууга жол бербөө боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды. «Аткезчилик продукцияны жана товарларды ташуудан биздин мыйзам сактап иштеген ишкерлерибиз зыян тартып жатышат, республикалык бюджетке бир кыйла акча каражаттарынын түшпөй калуусу байкалууда. Ошону менен бирге, бул ишке жооптуу айрым бир мамлекеттик органдар республикага аткезчилик Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суу колдонуучулар ассоциацияларына атайын техникаларды тапшыруу салтанатына катышты
4
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  Кыргыз Республикасынын 30 суу колдонуучулар ассоциациясына «Белорус 82.1» тракторунун базасындагы «Амкодор 702ЕВ» экскаватор-бульдозерлерди тапшыруу салтанатына катышты. Атайын техника Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосунда «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун гранттык каражаттарынын эсебинен сатып алынды. Өкмөт башчы эске салгандай, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы кабыл алынган. «Бүгүн Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт
4
Кулжа

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов эки күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт. Сапардын биринчи күнүндө Кубатбек Боронов Бишкек – Ош унаа жолунун 246-чакырымында жайгашкан Көчкү-Булак участогунда кар көчкүдөн коргоочу жабык галереянын курулушу менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, бул узундугу 460 метр объектти үч жылдын ичинде аяктоо пландалууда. Галерея Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү
4
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды тыкыр текшерүү иштеринин жүрүшү талкууланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев маалымдагандай, «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылы Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР