7 Кулжа архиви

Асылбек Сатывалдиев Сокулук районунун акими болуп дайындалды
7
Кулжа

Сатывалдиев Асылбек Владимирович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Сокулук районунун жаңы акимин райондук администрациянын жамаатына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүм башчысынын орун басары Жетиген Бакиров тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев финансы-экономикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
7
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев финансы-экономикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз. «Урматтуу финансы-экономикалык тутумдун кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Финансы-экономикалы тутум система – экономиканын түйшүктүү жана ошол эле учурда негизги тармактарынын Уландысы

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков кызматынан бошотулду
7
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Исаков Жаныбек Маматович берген арызына ылайык  ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Айдаркен шаарынын мэри Мухубилла Мумбаев кызматынан бошотулду
7
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри Мумбаев Мухубилла Пахридинович берген арызына ылайык  ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ресурстарды мобилизациялап, туризмди өнүктүрүүгө күчтүү өбөлгө берүү боюнча биздин так көз карашыбыз болууга тийиш
7
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы боюнча кеңешме өткөрдү.  «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков иштин негизги багыттары, учурдагы милдеттер жана уюмду өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди.  ««Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын  ишинин негизги багыттарынын арасында: өткөрүп берилген мамлекеттик туристтик объекттерди натыйжалуу башкаруу иштерин, туризм жаатында артыкчылыктуу долбоорлорду иштеп Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР