10 Кулжа архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотту
10
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык кол койгон буйруктун негизинде Абдраимов Туйгунаалы Дүйшеналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларына арналган иш-чараларга катышты
10
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларына арналган иш-чараларга катышты. Замирбек Аскаров «Энелердин көз жашы» мемориалына гүл койду. Андан соң митинг-реквием өтүп, анын жүрүшүндө чогулгандар аза күтүү мүнөтү менен ошол кайгылуу күндөрү көз жумгандарды эскеришти. Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан июнь окуяларында каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, андан кийин жалпы куран окулду. Иш-чаранын катышуучулары Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты
10
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты. Вице-премьер-министр форумдун ачылыш салтанатына жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусундагы пленардык жыйынга катышты. Мындан тышкары Жеңиш Разаков «Евразия экономикалык биримдиги. Келечектин стратегиясы» панелдик дискуссиясынын спикери болду, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин жана Кытай Эл Республикасынын бажы чек арасынан өткөн эл аралык ташуу товарлары Уландысы

2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди
10
Кулжа

2019-2021-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы салыктык башкаруунун дистанциялык ыкмаларын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу аркылуу мындан ары карай салыктык башкарууну жакшыртууга (таасирдүү иштеген заманбап салыктык башкарууну түзүү) жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР