11 Кулжа архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жусуп Мамайдын бюстунун ачылыш салтанатына катышты
11
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын бюстунун ачылыш салтанатына катышты. Жусуп Мамайдын эстелиги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы «Манас» скульптордук-архитектуралык комплексинин аймагына орнотулду. Бюсттун автору – скульптор, эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жусуп Мамай тууралуу айтып жатып, «Манас» эпосун сактоодогу анын чыгармачылыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүгүн кыргыз Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ШКУ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Саммитин өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү
11
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Жеңиш Разаков «Манас» Эл аралык аэропорту, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы сыяктуу бир катар объекттерди, ошондой эле мейманкана комплекстерин жана инфратүзүмдүк объекттерди даядоонун жүрүшүн текшерди. «Биздин алдыбызда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитин Уландысы

Марс Саккараев Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды
11
Кулжа

Саккараев Марс Намарбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ошол эле учурда Марс Саккараев мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Алтынбек Намазалиев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды
11
Кулжа

Намазалиев Алтынбек Адбисаламович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мурда ээлеген кызматынан бошотуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жайкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо жана балдардын суицидинин алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү
11
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жайкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо жана балдардын суицидинин алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. «Жайында балдар каникулга чыгып, сууга түшүп, күнгө күйүп гана жыргап эс албастан, алар үчүн тобокелдиктер да жогору. Балдар жайкысын лагерлерге эс алууга, көлмөлөргө, сууларга түшкөнү барышат. Мунун баарынын бир топ коркунучтары бар», –  деп белгиледи Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР