20 Кулжа архиви

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрдү
20
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын жетекчилиги менен онлайн режиминде селектордук кеңешмелерди өткөрдү. Жумушчу кеңешмелердин алкагында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча аткарылып Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев МАГАТЭнин бышкы директорунун орун басары Ян Дачжу менен жолугушту
20
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директорунун орун басары Ян Дачжу менен жолугушту. Өкмөт башчы Техникалык кызматташуу программасы боюнча Кыргызстанга уюм тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди. «Ошо менен бирге, Кыргызстан МАГАТЭ үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин баса белгилегим келет. Биздин өлкөгө көрсөтүлүп жаткан техникалык жардам өз максаты Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ДСУ миссиясы менен жолугушту
20
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) саламаттык сактоо тутумундагы программаларды ишке ашыруу маселелери боюнча миссиясы менен жолугушту. Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо тутуму олуттуу өзгөрүүлөрдөн өтүп жаткандыгын белгилеп, жүргүзүлүп жаткан реформалардагы  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маанилүү ролун жана колдоосун көрсөттү. Вице-премьер-министр ДСУ миссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган 2030-жылга Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР