21 Кулжа архиви

Марат Канулькулов Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды
21
Кулжа

Канулькулов Марат Эдильевич Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  Бүгүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин жаңы орун басарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүм башчысы Данияр Эркимбаев тааныштырды. Маалымдама: Канулькулов Марат Эдильевич 1975-жылы 26-майда Фрунзе шаарында туулган. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебин «Укук таануу» адистиги, юрист квалификациясы боюнча аяктаган. 2002-жылы жактоочулук ишмердүүлүк менен алектенүү укугун алган.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши бир катар мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жактырды
21
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жолугушуунун алкагында пландаштырылган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору, инфратүзүмдүк  объекттердин курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат угулду. Премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдардын жыйынтыгы мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылган көлөмдөн кыйла артта калган катары белгиленет. «Бул жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун Уландысы

Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жаңыланган Коомдук кабылдамасы ачылды
21
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жаңыланган Коомдук кабылдамасынын ачылышы өттү. Салтанатка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү – 2-фаза» Программасынын өкүлү Стефанос Кареклас катышышты. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси өз сөзүндө Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө аракеттешүү – 2-фаза» долбоорун Уландысы

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү
21
Кулжа

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды. «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө. «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы бир акциясы Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Экономикага пайда алып келбеген, чыгашалуу ишканалардын мамлекетке кереги жок
21
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин 2018-жылга жана үстүбүздөгү жылдын 5 айына карата жыйынтыгы каралган кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүк көрсөткүчү төмөн бойдон калып, ал эми таза кирешенин суммасы кыскарууда. Бул «Альфа Телеком», «ТНК «Дастан», «Найман ГЭС» акционердик коомдору сыяктуу жана башка Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР