22 Кулжа архиви

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты
22
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин  Минск (Беларусь Республикасы) шаарында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) вице-премьер-министрлеринин жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда өткөн жыйынына катышты. Кеңештин жыйынынын күн тартибинде 28 маселе каралды. Алар интеграцияны өнүктүрүү, соода жаатында кызматташуу, эл аралык кызматташтык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын айдоочулук эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүүгө уруксат берүү, Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү
22
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров үстүбүздөгү жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча селектордук кеңешме өткөрдү. Жолугушуунун алкагында Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Уландысы

Алтынай Өмүрбекова: Сиз дагы чоң ийгиликтерге жетишесиз деп ишенебиз
22
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдынкы солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды. Ал атамекендик хореографиянын тарыхында классикалык, заманбап сахналык жана элдик-сахналык хореографиянын DANCEMOSСOW эл аралык сынагында биринчи жолу 1 орунду ээлеген. Алтынай Өмүрбекова Фарух Садыркуловду белгилүү сынактагы жеңиши менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан 50 миң сом Уландысы

Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери бекитилди
22
Кулжа

Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Аталган Коопсуздук эрежелери Кыргыз Республикасында суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттерди эксплуатациялоодо коопсуздукту күчөтүү жана авариялык кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында кабыл алынган. Коопсуздук эрежелеринде авариялык кырдаалдарда материалдык зыянды азайтуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Евразия Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР