12 Теке архиви

Фоторепортаж – Казакстандын Премьер-министри Аскар Маминдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары
12
Теке

Бүгүн, 12-июлда, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди. Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны өтүп, эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта болду. Жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелер каралды. Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Уландысы

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ЧУА долбоорун коомдук талкууга чыгарат
12
Теке

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы №790 токтому менен бекитилген   Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоор боюнча сын-пикирлер жана сунуштар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: г. Бишкек, Москва көч., 148, Ж.Азизбекова, тел: 663960, azhipara@mail.ru приложение

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Эки жактын кызыкчылгын эске алган бир пикирге келе алдык
12
Теке

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда бир катар перспективдүү биргелешкен долбоорлор бар, биз аларды ишке ашырууну пландаштырып атабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча журналистерге билдирди. Өкмөт башчы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык динамикалуу түрдө өнүгүп, саясий-экономикалык диалогдор эки тараптуу колдоо табып, бардык деңгээлдерде тыгыз байланыштар ишке ашып жаткандыгын билдирди. Уландысы

Казакстандын Премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынты боюнча бир катар документтерге кол коюлду
12
Теке

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Маминдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтер: -          «Элет Агрохолдинг» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум; -          «Хайтун» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда ишеним жана өз ара түшүнүү бар
12
Теке

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу кызматташтыктагы актуалдуу маселелер боюнча ишеним жана өз ара түшүнүү бар. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйынында билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, Казакстан менен болгон стратегиялык мамилелерди чыңдоо, Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. «Эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан кызматташтыкты ар тараптуу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту
12
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана башка бир катар актуалдуу темалар талкууланды. «Боордош Казакстан менен стратегиялык мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз-казак мамилелери талаптагыдай деңгээлде өнүгүп келе жаткандыгын белгилөө зарыл, Уландысы

Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Кыргызстанга келди
12
Теке

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди. «Манас» эл аралык аэропортунда аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган, алардын катарында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР