23 Теке архиви

Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү
23
Теке

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда болуп өткөн окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар окуяны биргелешип иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты. Мындан тышкары тараптар биргелешип күзөтүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин калкы арасында түшүндүрүү иштерин улантууга макулдашышты. Жергиликтүү бийлик органдары кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жасоо Уландысы

2019-2023-жылдарга инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы бекитилди
23
Теке

2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы менен бирге 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасы жана 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү Уландысы

Султан Ахматов Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары болуп дайындалды
23
Теке

Ахматов Султан Маматович Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эльдар Абакиров Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары кызматынан бошотулду
23
Теке

Абакиров Эльдар Курманбекович Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР