25 Теке архиви

2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды
25
Теке

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимине ылайык 2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту
25
Теке

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, андагы жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Кубатбек Боронов кендеги объекттерди жана карьерлерди көрүп чыкты. Бул тилкеде кен иштетүүгө уруксат алган Jhong ji Mining кытай компаниясынын өкүлдөрү жасалып жаткан кен иштери тууралуу айтып беришти. Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда Солтон-Сарыда мал Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Эл аралык финансы корпорациясынын жетекчиси Мартин Негеле менен жолугушту
25
Теке

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын жетекчиси Мартин Негеле менен анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Замирбек Аскаров Мартина Негеле мырзага Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын (ЭФК) жетекчиси кызматында аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ЭФКнын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу, орто жана чакан бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу, Уландысы

2019-2023-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди
25
Теке

2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Документ бажы процесстерин автоматташтыруу (санариптөө), бажы операцияларын тездетүү, жөнөкөйлөтүү үчүн бажы органдары чечим кабыл алууда тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу сыяктуу бажы кызматын өнүктүрүү тенденцияларын эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекке бажы Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Тажикстан Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
25
Теке

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Сүйлөшүүлөр коңшулаштык, өз ара түшүнүү жана кызматташтык маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Баткен-Исфана, Исфара-Ворух жолдорун ачуу тууралуу макулдашышты. «Кечээ биз тажик тарап менен чектеш аймактардагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кырдаалды Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Аймактарды ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте экономика маселелерин чечүү зарыл
25
Теке

Аймактарды ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте экономика маселелерин чечүү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында маалымдады.  «Миграция процессин токтотуп, жакырлыкты кыскартып, билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарбасы тармактарында абалды жакшыртып жана социалдык маселелерди чечмейинче чейин биз аймактарды өнүктүрүү саясатын кармануубуз керек. Биз коомду бириктирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР