30 Теке архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты
30
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна сапарынын алкагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов унаа жолунун 61-чакырымындагы курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымдады. Долбоордо 4 жана 6 кыймыл тилкеси, көпүрөнү оңдоп кеңейтүү, чакан жасалма курулуштар, сууну агызуу курулмалары, базарлардын жанында унаа токтотуучу жайлар, автопавильондор, тротуарлар каралган. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жогорку технологиялуу айыл чарба гана кубаттуу экспорттук потенциалга ээ
30
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна сапарынын алкагында облустагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өкмөт башчы заманбап италия технологиялары менен курулган, алма өндүрүү жана сатууга адистешкен «Агропродукт Азия» экспорттук ишканасына барды. Ишкана жашылча жана жемиштерди муздак сактоо жана иштетүү менен алектенет. Ачылгандан бери 9800 тонна продукцияны иштеткен, анын 97% Россия Федерациясына, Монголияга, Кытай Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Адам сатуунун алдын алуу жана күрөшүү – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири
30
Теке

Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү – мамлекеттик саясаттын кылмыштуулукка каршы күрөшкө жана адам сатуунун курмандыктарынын укуктарын коргоого багытталган артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылышында билдирди. Анын айтымында, өткөрүлгөн иш-чаралар коомчулуктун, анын ичинде жаштардын көңүлүн адам сатуу көйгөйүнө Уландысы

2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программа бекитилди
30
Теке

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программасын бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Айыл чарбасы өлкө экономикасынын маанилүү сектору экендигин эске алганда, республиканын фитосанитардык бакубатчылык эң чоң роль ойнойт. Айыл чарба продукцияларын экспорттоо республиканын экономикасына валюталык толуктоолордун башкы булактарынын бири болуп саналат. Өлкөдө багбанчылык, жашылча, Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР