Баш оона 2019 айынын архиви

Өкмөттө мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү
20
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Өкмөт башчы баса белгилегендей, алдыдагы мааракелик иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык күч-аракетин жумшоого тийиш. Кеңешменин жүрүшүндө уюштуруу комитетин жетектеген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын маалыматы боюнча, Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова JDS программасынын стипендиаттары менен жолукту
19
Баш оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Кадрларды даярдоо үчүн стипендия сунуш кылуу» (JDS)  долбоору боюнча Япониянын жогорку окуу жайларына магистрдык программа боюнча сынак аркылуу окууга өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен жолукту. Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Япониянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан магистрдык программадан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн Япония Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. Ал Уландысы

Жеңиш Разаков: Өкмөт ИИМдин жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт
19
Баш оона

Кыргыз Өкмөтү Ички иштер министрлигинин  жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча  айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумуш топтун жыйынында билдирди. Вице-премьер-министр  Кыргыз Республикасынын жарандарынын көптөгөн кайрылууларынын  негизинде өзгөртүүгө сунушталып жатканын белгиледи.  «Бизге Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын маалымат базасын өркүндөтүү жана КЖБРге киргизүү иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды
19
Баш оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин (КЖБР) иши боюнча кеңешме өттү. Жыйынга укук коргоо органдарынын, прокуратура органдарынын жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу соттук-укуктук реформа мониторинги боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү катышышты. Кеңешмеде Бишкек шаардык ШИИББнин «102» тутумунун алкагында КЖБР Маалымат каттоо Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом туура колдонулушу керек
17
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон 2019-жыл Аймактарды  өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыкты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом негиздүү пайдаланылышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров инвестициялык бизнес долбоорлорду, инфраструктуралык жана өнүгүү программаларын тандоо боюнча  сынак комиссиясынын биринчи жыйынында билдирди. Уландысы

Өкмөт Балдарды документтештирүү боюнча Улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда
16
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Калкты документтештирүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда. Анын алкагында 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарандар балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышат. Бул кампанияны ишке ашыруу деталдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова тарабынан өткөрүлгөн жыйында талкууланды. Ал эске салгандай, учурда 1200дөй баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Анын айтымында, Өкмөт тарабынан БУУ Балдар фонду менен биргеликте Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзамдын үстөмдүгү» Программасынын өкүлдөрү менен КЖБР тутумун өркүндөтүү боюнча жолугушту
16
Баш оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзамдын үстөмдүгү» Программасынын өкүлдөрү Дмитрий Нурумов жана Сауле Арипова менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумун жакшыртуу боюнча мындан ары карай өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары Европа биримдигинин жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту
16
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) Робин Орд-Смит менен жолугушту. Өкмөт башчы Робин-Орд-Смитти жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, коюлган милдеттерге жетишүүгө ийгилик каалады. Анын айтымында, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы мурдагы элчиси, башка жооптуу кызматтарда тажрыйбасы бар Робин-Орд-Смиттин Бизнес-акыйкатчы кызматына талапкерлиги Уландысы

1 2 3 10
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР