1 Баш оона архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун Кыргызстанга жумуш сапары
1
Баш оона

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Жумуш сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Өзбекстандын Премьер-министринин Кыргызстанга сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
1
Баш оона

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун Кыргыз Республикасына жумуш сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтер төмөнкүлөр: – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өсүмдүктөр карантини чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө келишим; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда минералдык жер семирткичтерди ташуу жаатында узак мөөнөттүү кызматташуу жөнүндө 2017-жылдын 5-октябрындагы Келишимге Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстан жана Өзбекстандын чек аралык аймактарынын ортосунда кызматташуу жаңы формат алды
1
Баш оона

Кыргызстан жана Өзбекстандын чек аралык аймактарынын ортосунда кызматташуу жаңы формат алды. Чектеш облустардын башчыларынын кеңеши түзүлүп, эки мамлекеттин Премьер-министрлеринин патронажы алдында иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн кыргыз-өзбек мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы даражасына чыкты. «2017-жылы Кыргыз Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту
1
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө визити менен келген Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти, бул албетте, эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө таасирин тийгизет. Абдулла Арипов белгилегендей, эки мамлекеттин элдерин миңдеген жылдык достук жана коңшулаштык алакалар бириктирип турат. «Өлкөлөрдүн Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Чет жактагы мекендештерибизди колдоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы
1
Баш оона

Чет жакта жүргөн мекендештерибизди колдоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы болуп саналат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешинин жыйынында айтты. «Адам – мамлекеттин башкы булагы, негизи жана байлыгы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган биздин мекендештерибиз жалпы өлкөнүн жана аймактардын өнүгүүсүнө салмактуу салым кошууда, алардын Уландысы

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү
1
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жүрүшүндө кол койду. Чечим Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдеринин суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органын түзүүнү жөнгө салган талаптарын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын Уландысы

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргызстанга келди
1
Баш оона

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды. Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат. Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо Уландысы

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү
1
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурcтары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурcтары боюнча мамлекеттик агенттиги жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарын натыйжалуу башкаруу, жер ресурстары жана кыймылсыз мүлк боюнча толук кандуу геомаалыматтык тутумду түзүү, жер мыйзамдарын колдонуу жана сактоодо бирдейлигин камсыз кылуу, Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР