13 Баш оона архиви

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү
13
Баш оона

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим мааракени натыйжалуу уюштуруу жана өткөрүү үчүн мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жетектөө жана координациялоо максаттарында кабыл алынды. Жакынкы күндөрү Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уюштуруу комитетинин Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы Көкташ– Аксай–Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты
13
Баш оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иш-чарасына катышты. Вице-премьер-министр ошондой эле Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушу боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолунда курулуш иштери башталган. Жалпысынан 21 км жол курулган. Республикалык бюджеттен 2019-жылга карата Көкташ–Аксай–Тамдык унаа жолундагы жол-курулуш иштерине «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 120 Уландысы

Памирбек Асанов Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды
13
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Асанов Памирбек Джумалиевич Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Курсан Асанов Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду
13
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Асанов Курсан Сатарович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР