14 Баш оона архиви

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынын жашоочулары менен жолугушту
14
Баш оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Аксай, Самаркандек, Актатыр айыл округдарынын жашоочулары менен Көк-Таш айылында жолугушту. Жолугушууга 150дөй адам келип катышты. Тургундар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо, социалдык объекттерди, инфратүзүмдүк объекттерди куруу, ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо, жерлерди трансформациялоо маселелерин көтөрүштү. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан чек ара Уландысы

Өкмөт онкологиялык илдетке чалдыккандар үчүн ооруну басаңдатуучу дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат
14
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова онкологиялык илдетке чалдыккандар, паллиативдик жардамга муктаждар үчүн ооруну басаңдатуучу дары каражаттардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тууралуу жыйын өткөрдү. «Залалдуу шишик дартына кабылгандардын ар бири эле дарыканадан татаал механизмге же наркынын жогору болушуна байланыштуу ооруну басаңдатуучу дары каражаттарды ала албайт. Ошондуктан алыскы аймактарда жашагандарга райондун же облустун борборуна Уландысы

Онкологиялык илдетке чалдыккандар пенсиянын топтолмо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда ала алат
14
Баш оона

Залалдуу шишик илдетине чалдыккан, өмүрүнө коркунуч жараткан дартка кабылган Кыргыз Республикасынын жарандары пенсиянын топтолмо бөлүгүн белгилегенген убакыттан мурда ала алат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга коюлду. Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү оор делген илдеттердин тизмегин түзөт. Ага биринчи кезекте онкологиялык оорулар жазылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен районунда бала бакчанын имаратына капсула салуу салтанатына катышты
14
Баш оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Баткен районунун Төрт-Күл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа айылындагы бала бакчанын имаратынын пайдубалына капсула салуу салтанатына катышты. 34 орунга эсептелген бала бакчанын курулушуна 20 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күнү объектте жер казуу иштери жүрүп жатат.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барат
14
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Өкмөт башчы ички жолдордун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырып, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыкмакчы. Мындан тышкары Премьер-министр «Кичи-Чаарат» ЖАК фабрикасынын ачылышына катышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облсундагы «Бакай» участогунда ирригациялык объекттерди оңдоо жана куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты
14
Баш оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Баткен районунун Ак-Сай айыл округундагы «Бакай» участогунда жашоочуларды сугат суусу менен камсыздоо үчүн насостук станцияны реконструкциялоо жана курууга даярдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул объектке 2019-жылы 50 млн сом өлчөмүндө каржылоо каралган. Ирригациялык объекттерди оңдоо жана куруудан кийин 321 га сугат жери пайда болот. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР