15 Баш оона архиви

Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы болуп дайындалды
15
Баш оона

Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Белгиленгендей, буйрукка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 647 токтому менен бекитилген Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) Уландысы

Фоторепортаж — Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барды
15
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды. Өкмөт башчы жумуш сапардын алкагында «Вертекс Голд Компани» компаниясынын жана  Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган кен ишканасынын иши менен таанышты. Ошондой эле Премьер-министр Чаткал районундагы «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке киргизүү аземине катышты. Андан соң Премьер-министр Чаткал районундагы социалдык мекемелердин абалы менен Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы эки мектептин абалы менен таанышты
15
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында аймактагы эки мектептин абалын көрдү. Өкмөт башчыга Аксы районунун Өлөң-Булак айылындагы М. Шатманов атындагы №28 мектеп 1964-жылы курулганы тууралуу маалыматтар берилди. Мекеме 150 окуучуга ылайыкталган, бирок учурда мектепте 400дөн ашык бала окууда, аларга 28 мугалим билим берип жатат. 1990-жылдары жер көчкүнүн кесепетинен билим берүү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ала-Бука районундагы мал союучу цехтин иши менен таанышты
15
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары учурунда мал союу менен алектенген ишкананын иши менен таанышып чыкты. Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында жайгашкан ишкананы ишке берүү үчүн «Айыл чарбасын каржылоо» программасынын алкагында жылдык 6% үстөгү менен  7 млн сом өлчөмүндө насыя алынган. Эл аралык стандарттарга жооп берген, россиялык өндүрүштүк технология орнотулган. Цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ак-Терек каналынын курулушу менен таанышты
15
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Т.Балагулов айыл округундагы ички чарбалык каналды калыбына келтирүү долбоору менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, долбоор Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Долбоордун жалпы сметалык баасы 48 млн. 832 миң сом. «Каналдын курулушу 200 га жаңы сугат Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Аймактардагы аэропорттордун ишинин жанданышы туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт
15
Баш оона

Аймактардагы аэропорттордун ишинин жанданышы биримдикти бекемдеп, өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө негиз болот. Бул үчүн Өкмөт болгон күч-аракетин жумшоодо. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Аксы районунун Кербен шаарындагы аэропорттун жаңы имараты менен таанышуу маалында билдирди.  «Учурда биздин жарандарыбыз барчу жерине учак менен жетүүнү артык көрөт. Анткени алар тез жана ыңгайлуу шартта жетет», – деди Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт мындан ары кен иштетүүдөгү лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол бербейт
15
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо кен ишканасы менен таанышты. Ишкананын кубаттуулугу: жылына 100 миң тонна кен өндүрөт. Учурда алтын  жана күмүштөн турган флотациянын концентратын чыгарууда. «Эти Бакыр Терексай» ишканасында 350 адам иштейт. Анын 96% жергиликтүү эл түзөт. Компаниянын жетекчилигинин маалыматына Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чаткал районундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты
15
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Айгыр-Жал айылындагы мектепке чейин билим берүүчү “Нур билим” мекемесинин абалы менен таанышты. Өкмөт башчыга Кара-Булак жаңы конушундагы  «Нур билим» бала бакчасы 75 балага ылайыкталганы, жергиликтүү элдин өтүнүчү менен салынганы тууралуу маалыматтар берилди. Мекеменин курулуш иши 2017-жылы башталып, азыр толугу менен салынып бүткөн.  Бала бакчанын Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР