21 Баш оона архиви

Ренат Түлөбердиев «Улуттук башкаруучу компаниянын» төрагасы болуп дайындалды
21
Баш оона

Түлөбердиев Ренат Темирбекович «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды. Тийиштүү чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду – «Улуттук башкаруучу компания» ААКнын бирден-бир негиздөөчүсү кабыл алды.                                           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Өкмөт жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иш алып барууда
21
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баалоо миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Алтынай Өмүрбекова саламаттык сактоо тармагы  белгилүү бир өзгөрүүлөрдү башынан кечирүүдө жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жүргүзүлүп жаткан реформаларга жардам берип келе жатат деди. Ал миссиянын мүчөлөрүнө буга чейин кабыл алынган калктын саламаттыгын сактоо жана 2023-жылга чейин саламаттык сактоо Уландысы

Жылдызбек Исакулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп дайындалды
21
Баш оона

Исакулов Жылдызбек Абдилахатович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Ренат Тулебердиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММБФ төрагасы кызматынан бошотулду
21
Баш оона

Тулебердиев Ренат Темирбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Биринчи жолу аймактарды өнүктүрүү үчүн максаттуу каржылоо жүзөгө ашырылууда жана буга өзгөчө критерийлер талап кылынат
21
Баш оона

Биринчи жолу аймактарды өнүктүрүү үчүн максаттуу каржылоо жүзөгө ашырылууда жана буга өзгөчө критерийлер талап кылынат. Аймактарды өнүктүрүүнү каржылоо максатындагы долбоорлорду даярдоодо ар бир региондун шарты эске алынат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров инвестициялык бизнес долбоорлорду, инфраструктуралык жана өнүгүү программаларын тандоо боюнча сынак комиссиясынын кезектеги жыйынында билдирди. «Долбоорлорду тандоодо алыскы аймактардын каржыга жеткиликтүүлүгү, жергиликтүү Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коопсуз шаар» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган тутумунун ишине мониторинг жүргүздү
21
Баш оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Коопсуз шаар» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» (ББР) автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишине мониторинг жүргүздү. Мониторингдин башкы максаты Бузуулардын бирдиктүү реестринин ишинин алкагында Бузуулар жөнүндө кодексти толук кандуу ишке ашыруу, ошондой эле «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун Бузуулардын бирдиктүү реестрине интеграциялоо болуп саналат. Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министрге «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР