2 Аяк оона архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жашоодо билимдин зор маанисин түшүнгөн эл дайыма бакубатчылыкта жана жеткиликтүү жашоодо жашайт
2
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Москва районундагы Мураке айылындагы жана Панфилов районундагы Бухара айылындагы орто мектептердин ачылыш салтанатына катышты. Эски мектеп авариялык деп таанылып, балдар коңшу айылда окуганга мажбур болушкан. 1994-жылы мектеп имараты жараксыз деген тыянак чыгарылганына карабастан, анда окутуу улантылган. Жаңы имараттын курулушуна 50 млн сом бөлүнгөн. Өкмөт башчы өз сөзүндө окуучуларды, Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы жаңы мектептердин ачылыш аземине катышты
2
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы жаңы мектептердин ачылыш аземине катышты. Биринчи вице-премьер-министр Билим күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди Өкмөттүн атынан жаңы окуу жылдын ийгиликтүү башталышы менен куттуктады. «Жаңы окуу жылында 1 млндон ашык бала билим алуу үчүн мектепке барат. Өлкө боюнча 80 миңге жакын Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ювеналдык юстиция боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү
2
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык ювеналдык юстиция боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. «Жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны азайды. Бирок бойго жеткендер тарабынан жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны көбөйгөн. Бул олуттуу маселелерди жаратууда. Мындай абалды деталдуу талдоо жана эмне үчүн көрүлгөн чараларга карабастан, кылмыштардын саны өсүп Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Билим берүү тармагына салынган инвестиция дайыма өзүн өзү актайт жана биз каалагандай натыйжа берет
2
Аяк оона

Билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги ресурс. Билим берүү тармагына салынган инвестиция дайыма өзүн өзү актайт жана биз каалагандай натыйжа берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин ачылыш аземинде билдирди. Билим күнүнө карата майрамдык иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чырпыкты айылындагы Касым Тыныстанов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты
2
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылындагы Касым Тыныстанов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Вице-премьер-министр билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды, мугалимдерди жаңы окуу жылынын ийгиликтүү башталышы менен  куттуктады. «Билим күнү ачылыштар менен ийгиликтин белгиси болуп саналат. Бул жөн гана майрам эмес, алдыга коюлган максат менен ийгиликке жетүү үчүн дайыма өзүң Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР