3 Аяк оона архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында эки жарандын сабалышын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды
3
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарында эки жаранды ур-токмокко алуу фактысын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды. Мындан тышкары Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү, зарыл дары-дармектер менен камсыздоо тапшырмасын берди. «Ырайымсыздыгы менен таң калтырган 2019-жылдын 28-августунда болуп өткөн эки жаш Уландысы

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү
3
Аяк оона

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы болгон Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков белгилегендей, комиссия мүчөлөрү болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын объективдүү жана калыс иликтеп чыгып, бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдоого тийиш. Жыйындын Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Биз аймактарды өнүктүрүү максатында бизнес менен кызматташууга даярбыз
3
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  ишмердүүлүгү аймактарды өнүктүрүүгө багытталган ишкерлик менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Талас облусуна жумуш сапар менен барган учурда билдирди. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Талас облусунун Бакай-Ата районундагы төө буурчакты тазалоо жана консервалоо боюнча иштеген өнөр жай комплексинин ачылыш аземине катышты. Комплекстин аймагында төө буурчакты тазалай турган эки цех курулган. Уландысы

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруунун тартиби бекитилди
3
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруунун тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз гемодиализ кызматын алышат. Тагыраагы алар бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөйт. Бейтаптарга Уландысы

Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Самат Кылжыев дисциплинаны аткаруу боюнча жыйын өттү
3
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси –министри  Самат Кылжыев Кыргыз Республикасындагы министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине 2019-жылдын 7 айында  мамлекеттик органдардагы  дисциплинанын аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү. «Коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө  жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуу ишке ашуусу аткаруу бийлигиндегилердин тартипти туура уюштура билгендигине байланыштуу болот.   Бирок ага карабастан,  министрликтер менен мекемелердин, аткаруу бийлигинин айрым жетекчилери көзөмөлдү сапаттуу уюштуруу Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР