9 Аяк оона архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Кант диабети менен ооругандардын санын кыскартууда алдын алуу маанилүү роль ойнойт
9
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кант диабети менен ооругандарды аныктоо, алдын алуу жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча кеңешме өткөрдү. Алтынай Өмүрбекова «Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө» Мыйзамды ишке ашыруу механизмдерин жетишсиз каржылоо жана секторлор аралык өз ара аракеттенүү боюнча иштердин начардыгын белгиледи. Вице-премьер-министр буга байланыштуу кант диабети боюнча ченемдик-укуктук актыларды талдоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМге уюштуруу жана кадрдык чечимдер топтомун кабылу алууну жана өз катарын карасанатай кызматкерлерден тазалоону тапшырды
9
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы кеңешменин жүрүшүндө акыркы учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда болуп өткөн, коомдук кызуу талкууну жараткан жана жарандардын адилеттүү сын-пикирлерине кабылган окуяларга байланыштуу тынчсыздануу билдирди. «Милициянын ишмердүүлүгү жарандардын өзгөчө көңүлүндө турат жана коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги милдеттерин Уландысы

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт
9
Аяк оона

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда билдирилди. Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды.  Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык Уландысы

Жеңиш Разаков: Пробация институтунун натыйжалуу иши кылмыштуулук деңгээлин кыскартуусу күтүлүүдө
9
Аяк оона

«Пробация институтунун натыйжалуу иши аркылуу кылмыштуулук деңгээлин кыскартуу күтүлүүдө», – деп Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Пробация департаментинин ишмердүүлүгү боюнча кеңешмеде билдирди. Белгилей кетсек, бул жаңы институттун маанилүүлүгүн эске алуу менен Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагындагы Пробация департаментин Юстиция министрлигине өткөрүп берүүнү Өкмөткө сунуштаган. Вице-премьер-министр 2019-жылдын башында Өкмөткө караштуу Жазаларды Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР