25 Аяк оона архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Швейцариянын Элчиси Вероника Ульман менен жолугушту
25
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Швейцария Конфедерациясынын Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Вероника Ульман менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик менчик объекттерин мамлекеттин кызыкчылыгында кыйла натыйжалуу иштетүү жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу тутумун реформалоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, Өкмөт мамлекеттик Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Айыл чарбасын механизациялоо деңгээлин жогорулатуу – тармактын алдындагы маанилүү милдеттердин бири
25
Аяк оона

Айыл чарбасын механизациялоо деңгээлин жогорулатуу – тармактын алдындагы маанилүү милдеттердин бири. Айыл чарбасынын потенциалын күчөтүү, биздин дыйкандарыбыздын жана кайра иштетүүчүлөрдүн жаңы технологияларды колдонуусу заман талабы болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «АгроТехЭкспо-2019» айыл чарба техникасынын көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди. Мында дүйнөлүк алдынкы өндүрүүчүлөрдүн агрардык өнөр жай комплекси үчүн техникаларынын жана технологияларынын толук спектри Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Интеграцияга бир гана жол бар – бул эркин рынок
25
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык форумдун ачылыш салтанатына катышты. Өкмөт башчы Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен бирге Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө барды. Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан иш-чаранын катышуучуларына Форумга катышуулары үчүн ыраазычылык билдирди. «Евразия биримдиги калыптанып гана калбастан, Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Беларусиянын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко менен жолугушту
25
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Беларусия Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар алдыдагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларус биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынын өткөрүүнү талкуулашты. Вице-премьер-министр өкмөттөр аралык комиссиясынын Кыргызстан жана Беларусиянын ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө багытталган негизги ролун белгиледи. Уландысы

Өкмөт жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынуучу айыптын көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт
25
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынуучу айыптын көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР