26 Аяк оона архиви

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамкомиссия Чүй облусунун бир катар айылдарынын жашоочулары менен жолугушту
26
Аяк оона

2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү. Жыйынга Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш жана башка жакынкы айылдарынын 50дөй тургуну катышты. Жолугушуунун катышуучулары 7-8-августта болуп өткөн окуялар тууралуу айтып беришип, бир катар суроолорду узатышты. Мамкомиссиянын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өлкөдө авариялык, «контейнерде» жана чатырларда мектептер болбош керек
26
Аяк оона

Барынан биринчи авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңы курула турган жалпы билим берүүчү мекемелер каржыланат. Бул тууралауу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «капиталдык салымдар» беренеси боюнча билим берүү объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү талкууланган жыйында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө 2017-2018-жылдардын аралыгында республика боюнча 243 билим берүү  объектиси курулганы айтылды. Анын 121и мектеп жана спорт зал, 122си бала бакча. Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Биздин милдет – баланын үй-бүлө курчоосунда болуу укугун камсыздоо
26
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарындагы Адистешкен балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборунда (Балдар Үйү) көчмө жыйын өткөрдү. Алтынай Өмүрбекова Балдар үйүнүн имаратын көрүп чыгып, балдарды тарбиялоо шарттары менен таанышып, балдарга жана жаңы туулгандан 4 жашка чейинки балалуу үй-бүлөлөргө медициналык-социалдык жана реабилитациялоочу-тарбиялык жардам көрсөткөн кызматкерлер менен маектешти. Аталган Балдар үйү өлкөдөгү жатак түрүндөгү балдар мекемелеринин Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Centerra компаниясынан келип түшкөн каражаттарды курчап турган чөйрөнү коргоого жана аймактарды өнүктүрүүгө максаттуу пайдалануу эң маанилүү
26
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык келишимди ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Мында Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү фондунун жана Жаратылышты өнүктүрүү коомдук фондунун акча каражаттарын пайдалануу механизми жана тартиби каралды. Премьер-министр Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Кристин Жольм менен жолугушту
26
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Кристин Жольм менен жолугушту. Алтынай Өмүрбекова Кристин Жольмду кызматка дайындалышы менен куттуктап, кызматташуу жемиштүү болоруна ишеним артаарын билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү жогору баалайт жана ар бир баланын жашоосун жакшыртууга чоң маани берет. «Биз көп жылдык жемиштүү кызматташууну жана Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР