Тогуздун айы 2019 айынын архиви

Кыргызстандын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
22
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри Султан бин Саид Аль Мансури менен жолугушту
21
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров ушул күндөрү Дубай шаарында өтүп жаткан жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышуунун алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри, Кыргыз Республикасы менен БАЭ экономикалык кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Султан бин Саид Аль Мансури менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселесин талкуулап, эки тараптуу алаканы Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Үй-бүлөдөгү зомбулук жеке маселе эмес, ал бүтүндөй коомго тийиштүү
21
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова тынчтык жана толеранттуулукка чакыруу менен 10-октябрда Ош шаарында «Зомбулуксуз жашоо!» жалпы улуттук тынчтык кербенине катышты. Алтынай Өмүрбекова баса белгилегендей, зордук-зомбулук адамдардын фунтаменталдык укуктарын, адамдык аброюна кол тийбестигинин эл аралык принциптерин бузат. «Зомбулуктун гендердик аспекти аялдардын саламаттыгына олуттуу коркунуч туудурат. Ар кандай стереотиптерге байланыштуу  кыздардын жана аялдардын ден соолугуна, бакубатчылыгына, өнүгүүсүнө Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Мамлекет ишкерлерди коргоону өзүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары көрөт
21
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев шаардык ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып жана андан соң өлтүрүлүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымдагандай, ишкер жоголгондугуна байланыштуу ички иштер органдары тарабынан бардык тиешелүү ыкчам-издөө чаралары көрүлүп, күбөлөр суралды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында сегиз шектүү кармалып, учурда алар тергөө абагына киргизилген. Ошону менен бирге кылмышка тиешеси Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: «Жашыл экономиканын» негизинде экологиялык таза продукцияны жеткирүү боюнча экспорттук дараметибизди күчтөндүрүүнү жана жүзөгө ашырууну пландап жатабыз
21
Тогуздун айы

«Жашыл экономиканын» принциптеринин негизинде Кыргыз Республикасы  экологиялык таза продукцияны жеткирүү боюнча экспорттук дараметти күчтөндүрүүнү жана жүзөгө ашырууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров жашыл экономика боюнча Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өткөн Бүткүл дүйнөлүк саммитте билдирди. «Жашыл экономикага өтүүдө экономиканын ыңгайлашуусу үчүн тийиштүү мыйзамдык негиздерди түзүү боюнча жумуштар активдүү жүрүп жатат. Ресурсту Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Электромобилдерди колдонуу боюнча аймактык лидер болуп калуу мүмкүнчүлүгүбүз бар
21
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонууну өбөлгөлөө жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна жакында эле кол коюлган. Айтылып жаткан документ бир катар салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү жоюу боюнча өбөлгөлөөчү чараларды киргизүү жолу аркылуу өлкөдө электромобилдерди колдонууга жагымдуу шарт Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Аппарат Жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан четтетти
21
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан четтетти. Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүүлөрү керек деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди
20
Тогуздун айы

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын,  түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди: – юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюулду; – транспорт Уландысы

1 2 3 9
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР