1 Тогуздун айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
1
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенине барган учурда «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алтын ишканасынын ишмердүүлүнө байланышкан актуалдуу маселелер жана Кыргыз Республикасы менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын Стратегиялык макулдашуусунун күчүнө киргенине байланыштуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Өкмөт башчы кенге барган сапарынын жыйынтыгында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Мамлекет Кумтөр кениндеги иштердин коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз иш алып барууда
1
Тогуздун айы

Мамлекет Кумтөр кенинин экологиялык коопсуздугун жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз иш алып барууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев комбинатка барып, кендеги жумушчулар менен жолуккан учурда билдирди. Өкмөт башчы иши сапарынын алкагында «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен бирге оор техникалар колдонулган карьерди көрдү, ошондой эле алтын өндүрүүчү фабрикага барды. Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Карыларды камкордукка алуу мамлекеттин жана коомдун артыкчылыктуу милдеттеринин бири
1
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 1-октябрда карыялардын Эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты. Бишкек шаарында өткөн иш-чаранын алкагында «Бирге активдүү узак жашоого» аталышындагы скандинавиялык жүрүш боюнча турнир болуп, ага карылар жана вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышты. Ошондой эле Курманжан-датканын эстелигинин жанындагы аллеяда карыялар өздөрү кийизден, жүндөн, жиптен жасаган буюм-тайымдар, улутттук калориттеги сувенирлер, муну менен Уландысы

Ереван шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болду
1
Тогуздун айы

Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразия экономикалык кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин деңгээлиндеги Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү бекитилген күн тартибине ылайык 17 маселени карашты.  Евразия экономикалык кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн бюджеттеринин ортосундагы ташып келүүдөн алынуучу бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдери жөнүндө маселе жыйындын негизги темасы болду. Андан соң 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен кетти
1
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарында «Кумтөр» алтын кенине барып, «Кумтор Голд Компани» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышат. Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугушуп, аймактагы маселелерди талкуулайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Нарын облусунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат
1
Тогуздун айы

Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат. Бул Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагындагы Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болду. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгиленгендей, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин буга чейин кол койгон макулдашуунун Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Эл аралык карылар күнү менен куттуктады
1
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Куттуктоо текстин төмөндө келтиребиз:                      Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү, Менин Эл арарлык карылар күнүнө карата чын жүрөктөн айткан куттуктоомду кабыл алып алып коюңуздар!  Бул күнү биздин өлкөнүн улуу муунун урмат-сый жана камкордукка алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аксакалдарды урматтоо жана сыйлоо кыргыз элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР