3 Тогуздун айы архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жыйын өттү
3
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасындагы интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын Планын талкуулаган мекемелер аралык жумушчу топтун жыйынын өткөрдү. Жыйында буга чейин өткөн иш-чараларды талдоонун негизинде түзүлгөн жаңы план талкууланды. Алтынай Өмүрбекова оор кырдаалга кабылган балдарды социалдык жана укуктук жактан коргоо, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоо жана инклюзивдик билим берүү Уландысы

Кыргызстандын Өкмөтү уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун колдойт
3
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун илгерилетүүгө тоскоолдук жараткан кандайдыр бир жашыруун аракеттерди жасаган жок. Өкмөттүн 2019-жылдын 24-июнундагы №314 токтому менен бул мыйзам долбоорун жактыруу боюнча Өкмөттүн Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жеке менчик бала бакчалардагы төлөмдүн 50% мамлекет төлөгөн Программанын жүзөгө ашырылышы менен таанышты
3
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Слоненок» аталышындагы бала бакчага барып, мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык буйрутма Программасынын аткарылышы менен таанышты. Алтынай Өмүрбекова аталган программага катышууну чечкен бакчалардагы балдарга берилип жаткан тарбия шарттары менен таанышты жана кызматкерлер, ата-энелер менен баарлашты. Балдардын 40% гана мектепке чейинки билим берүү менен камтылган жана  балдарга билим берүү уюмдарынын Уландысы

«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлдү
3
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна  жөнөттү. Бул мыйзам долбоор айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана полимер менен пластикалык материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктардын калдыктарынынын көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкты. Мындан тышкары долбоордо утилдештирүү жыйымдарын киргизүү менен кагаз пакеттерин колдонууга өтүү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев АРИС тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулаган жыйын өткөрдү
3
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулаган жыйын өткөрдү. Бүгүнкү күндө  агенттик тарабынан суу менен камсыз кылуу жана сууну буруу, социалдык инфратүзүм, жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу багыттары боюнча иштер аткарылууда. Учурда АРИС жалпы суммасы 205 млн доллар болгон 12 долбоорду ишке ашырууда. Алар төмөнкү Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР