5 Тогуздун айы архиви

Фоторепортаж – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ош жана Баткен облустарына жумушчу сапары
5
Тогуздун айы

5-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Баткен облустарына, Ош шаарына жумушчу сапары менен барды. Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы С.Токторов атындагы мектептин жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык округундагы суу менен камсыздоо тутумунун ачылышына катышты. Ошондой эле Ноокат районунун Кара-Таш айылдык округундагы бала бакчанын, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы шифер заводунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ошто «Ак-Ниет» паркынын ачылыш салтанатына катышты
5
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы «Ак-Ниет» паркынын ачылыш салтанатына катышты. «Бардыгыңыздарды үч миң жылдык тарыхы, бай маданияты жана өзгөчө чөйрөсү бар Ош шаарынын күнү менен куттуктайм. Ош шаары – республикалык маанидеги шаарлардын ичинде чоңдугу боюнча экинчи орунда туруп, экинчи борбор калаа катары аталуу укугу бар. Шаар географиялык жана стратегиялык жактан Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Кыя шаарындагы шифер заводунун курулушу менен таанышты
5
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумуш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы «Кант-ТШП» компаниясынын шифер чыгаруучу заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты 2020-жылдын биринчи кварталында ишке кире турган долбоордун сметалык баасы – 255 млн сом. «Жергиликтүү сырье колдонула турган ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 3,7 млн шиферди түзөт. Мында 120 жумуш орду түзүлмөкчү. Ишкана өндүрүштү мындан ары Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз-Ата айыл округундагы суу менен камсыздоо тутумунун ачылыш салтанатына катышты
5
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл округундагы суу менен камсыздоо системасынын ачылыш салтанатына катышты. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков калктын жашоосун жакшыртууда көргөн маанилүү кадамдардын бири жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо болуп саналат. «Мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүүгө, айрыкча калкты ичүүчү таза суу жана сугат Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ак-Булак айылындагы мектептин ачылышына катышты
5
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы С.Токторов атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. Премьер-министр окуучуларды жана алардын ата-энелерин бул маанилүү окуя менен куттуктап, окууларына ийгилик каалады. «Биз ишибизде билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүнө артыкчылыктуу маани беребиз. Бюджеттин көп бөлүгү социалдык тармакка жумшалат. Алсак, саламаттык сактоо, билим Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Ош жана Баткен облустарына учуп кетти
5
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен  Ош жана Баткен облустарына учуп кетти. Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө социалдык объекттердин ачылышына катышып, Ош жана Баткен облустарындагы, Ош шаарындагы бир катар социалдык, инфратүзүмдүк жана өнөр жай объекттеринин курулушунун жүрүшү менен таанышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР