7 Тогуздун айы архиви

Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан комиссиясынын III жыйыны өттү
7
Тогуздун айы

Бишкек шаарында экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйыны өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглынын жетекчилиги алдында өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын абалы жана келечеги боюнча маселелер, ошондой эле транзиттик-транспорттук ташуулар жана коммуникация чөйрөсүндөгү өз ара аракеттешүү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусундагы шахтада адамдардын каза болушуна байланыштуу жыйын өткөрдү
7
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев адамдардын өлүмүнө алып келген Баткен облусундагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек райондорундагы шахтадан 6 жаран газга ууланып каза болгонун маалымдады. Анын айтымында, Кадамжай районундагы кырсык шахтанын каралбай калган жана Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандык авиациянын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
7
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жарандык авиациянын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен куттуктады. Куттуктоо тексти: «Урматтуу авиаторлор! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Жарандык авиация күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жарандык авиация өзүнүн 86 жылдык тарыхында чоң жолду басып өттү. Кайраттуу, таланттуу жана өз ишине берилген инсандардын талыкпаган Уландысы

Элдияр Калдарбеков «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды
7
Тогуздун айы

Калдарбеков Элдияр Султанович Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз геофизикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды . Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР