Кытай Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди Нооруз майрамы менен куттуктады
21
Жалган куран

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо төмөнкүдөй айтылат: «Урматтуу Премьер-министр мырза, Кытай Жаз майрамына байланыштуу Сиздин куттуктоо жолдогонуңузга чын дилден ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиз. Кытай Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана калкын салттуу Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Өткөн Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарында Ноорузга арналган майрамдык иш-чарага катышты
21
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн Ноорузду майрамдоого арналган майрамдык иш-чарага катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чогулгандарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Премьер-министр баса белгилегендей, Нооруз майрамы күн менен түндүн тогошуусуна дал келип,  табийгат ойгонуп, кыргыз элинин нускалуу каада-салттарына бай болуп саналат. Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Эмгек мыйзамдарынын эл аралык эмгек ченемдерине дал келүүсүн талдоо зарылдыгы бар
21
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Эл аралык эмгек уюмунун 1930-жылдагы Эмгекке мажбурлоо жөнүндө № 29 Конвенциясына карата 2014-жылдагы Протоколду жана 203-Сунуштаманы ратификациялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү. Талкууга тиешелүү мамлекеттик  органдардын, эл аралык уюмдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө белгилегендей, эмгек чөйрөсүндө эмгекке мажбурлоодон жана балдар эмгегинен коргоо Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жакын арада «Коопсуз шаар» долбоору Ош шаарында ишке киргизилет
20
Жалган куран

Жакын арада «Коопсуз шаар» долбоору Ош шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын базасындагы «Бирдиктүү терезе» борборун кыдыруу учурунда билдирди. Премьер-министр белгилегендей, жакын арада Ош шаарында жана өлкөнүн бардык башка шаарларында «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилет. «Бишкек шаарынын жолдорунда жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоочу аппараттык-программалык комплекстердин орнотулушу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарынын стадионун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты
20
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондун 2019-жылы Ош шаарынын түрк дүйнөсүнүн борбору катары жарыяланышынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын текшерди. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин маалыматы боюнча, стадионду реконструкциялоо жергиликтүү ишкерлердин колдоосунда жүрүп жатат. Учурда стадиондун фасаддык бөлүгү реконструкцияланды, ошондой эле трибуна, чуркоо тилкеси жана башка инфраструктурасы модернизацияланат. Кыргыз Республикасынын маданият, Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жазгы-талаа иштерин жүргүзүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча бир катар тапшырмаларды койду
20
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында жазгы-талаа иштерин жүргүзүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча селектордук жыйын өткөрдү. Селектордук кеңешмеде тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле Өкмөттүн өлкөнүн бардык облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышышты. Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, айыл чарба тармагын өнүктүрүү аймактарды өнүктүрүүгө түздөн-түз таасирин берет. «Өкмөт тарабынан 2011-жылдан тартып Уландысы

 
ФОТО ВИДЕО АУДИО
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР