Сооронбай Жээнбеков: Мугалимдерди колдоо жана билимдүүлүктүн келечегин түзүү – мамлекеттин артыкчылыгы

12 Баш оона, 2017

“Өкмөт мугалимдерге жетиштүү айлык акы маселесин күн тартибинен албайт”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков педагогдордун август кеңешмесинде.

Бүгүн, 12-августта, Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин жана мектеп жетекчилеринин сүездди өттү. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков педагогикалык кеңешмени ачып, негизги үч маселени чечүүнү сунуштады: мектептеги билиим  берүүнүн заманбап системасынын так милдеттерин аныктоону, билим берүү маселесинде инсандын жана коомдун жеке жоопкерчилик аймагын чектөөнү. Үчүнчүсү – КР Өкмөтү аткаруусу керек болгон кээ бир милдеттер тууралуу өз көз карашын билдирүү.

Премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча өз милдеттерин акырындык менен аткарууда.

«Акыркы алты жылда 309 жаңы билим берүү мекемеси курулду. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Өткөн 2016-жылы 98 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бул максатта бюджеттен 1млрд 39 млн.сом бөлүндү», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр эске салгандай, республикалык бюджеттин төрттөн бир бөлүгү билим берүү системасын өнүктүрүүгө жумшалууда. Педагогдор жамаатын колдоо маселеси көзөмөлдө турат.

«Жылына билим берүү системасына биз 28 млрд сом  багыттап жатабыз. Бул бардык мамлекеттик чыгымдардын 23%. Биз мугалимдерди социалдык колдоо маселесин чечип жатабыз. Атап айтканда күн тартибинде педагогдорду жетиштүү айлык акы менен камсыздоо маселеси калууда.  Өзүңүздөр билгендей, буга чейин 2011-2015-жылдары бюджетеги оорчулукка карабастан, Өкмөт эки ирет  мугалимдердин айлык акысын жогорулатты. Азыр 1991-жылдан бери биринчи жолу педагогдордун айлык акысын салыштырганда өлкө боюнча орточо айлык акыны түзүүдө», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы негизги көңүлдү инфраструктураны өнүктүрүүгө гана эмес, жалпы билим берүү системасынын мазмунун өнүктүрүү зарылдыгына бурду.

«Мугалимдерди колдоо, билимдүүлүктүн келечегин түзүү, мугалимдик кесиптин мурунку  түсүнө кайтаруу  –  мунун баары биздин ишибиздин артыкчылыктуу багыты», – деп сөзүн жыйынтыктады  премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Өкмөт башчы мугалимдерге татыктуу эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков педагогдордун материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, пенсиалык камсыздандыруу, ипотека боюнча үстөк пайызды төмөндөтүү, жалпы республикалык тестирлөө системасын жакшыртууга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Премьер-министр баса белгилендей, бардык маселелер боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Мен окутуучулардын бардык көйгөйлөрүн билем,  өзүм эмгек ишмердүүлүгүмдү мугалимдик кесиптен баштагам. Мугалим болуу – абдан оор иш. Ал жогорку айкалышкандык жана ар дайым нервдик күч келтирүү менен байланышкан.   Ийгиликтүү эмгекти уюштуруу үчүн көптөгөн этаптарды аткаруу маанилүү. Мен эч качан билим берүү системасына кайдыгер болгон эмесмин», – деп баса белгиледи Премьер-министр.

Педагогикалык август чоң кеңешмесине республиканын бардык облустарынан мугалимдер, билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмерлери жана билим берүү мекемелерини жетекчилери катышты.

Сүезде КР 2012-2017-жылдары Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында билим берүү системасынын көйгөйлөрү жана бул тармактын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мугалимдерге алдыдагы окуу жылына карата тапшырмалар коюлду.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү