Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

12 Баш оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн куруучуларын жана курулуш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

“Кымбаттуу куруучулар, сиздерде кесиптик майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Сиздер дүйнөдөгү эң жаратман, эң асыл кесипти аркалап келе жатасыздар. Куруучу – бул түбөлүктүү кесип. Курулуш – бул тынымсыз жаңылануу жана өсүп-өнүү. Байыркы замандарда куруучулардын колунан жаралган нечендеген шедеврлер азыркы күнгө чейин сынынан кетпей, сакталып келатат.
Куруучулардын эмгегинин аркасынан Кыргызстаныбыз тынымсыз өзгөрүп, шаарларыбыз менен айылдарыбыз, жолдорубуз менен имараттарыбыз жаңырып жатат. Сиздер күн сайын, саат сайын мамлекетибиздин келечегин түптөп жана көтөрүп жатасыздар.
Сиздер салып жаткан конуштар акжолтой, курулуштардын түбү бекем, жолдор түз болсун!
Баарыӊыздарга узак өмүр, бекем ден соолук каалайм! Үйүӊүздөр кубаныч менен бакубатчылыкка бөлөнсүн! Бар болуӊуздар!”.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү