Еркимбаева О.Ш. жөнүндө некролог

12 Баш оона, 2017

Еркимбаева Офелия Шергазиевна

         Кыргыз Республикасынын маданият тармагы орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актриса жана режиссёр Еркимбаева Офелия Шергазиевна 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

         Офелия Еркимбаева 1937-жылы 1-октябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал Кыргыз мамлекеттик М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүрүп, андан соң 1962-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы ГИТИСтин актердук факультетин бүтүргөн.

         Офелия Еркимбаева өзүнүн ишмердүүлүгүн  Нарын облустук драма театрында баштап, андан кийин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында, Кыргыз улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында режиссёр-коюучу болуп иштеген.

     Офелия Еркимбаева белгилүү дүйнөлүк драматургдардын: Лопе де Вега жана У.Шекспирдин, Н.Гогольдун,  К.Чапеканын ошондой эле кыргыз драматургдары Т.Абдумомуновдун, М.Тойбаевдин  чыгармаларын сахналаштырган.

         Офелия Еркимбаева К.Чапеканын “Эне” аттуу спектаклин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына койгон. Ал эми  Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында койгон А.Сорокиндин “Түбөлүк согуштун коңгуроосу” аттуу спектакли бүткүл союздук фестивалдардын дипломанты болгон.

         Офелия Еркимбаева жаш адистерди даярдоодогу эмгеги зор. Ал                     1972-жылы Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театралдык студиянын актердук курсун жетектеп, биринчи бүтүрүүчүлөрү 1974-жылы Т.Габбенин “Альманазордун сыйкырдуу шакеги”  спектаклин сахналаштырып коюшкан.

Офелия Еркимбаевага 1976-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун “Ардак грамотасы”, ошондой эле  Муратбек Рыскулов, Абдылас Малдыбаев атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.

Офелия Еркимбаеванын чыгармачылыгы өлкөнүн жетекчилери тарабынан жогору баалынып, ага 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери” ал эми 2008-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамдары ыйгарылган.

           Жээнбеков С.Ш., Исаков С.Дж., Абулгазиев М.Д.,                   Султанбекова Ч.А., Молдобекова Г.С., Сариева Э.К., Казаков Т.Т., Исакунова Т.Б., Ибраимов А.С., Жакиев Б.Ж., Сартбаева К.,             Сейталиев Т., Токомбаева А., Чокоева Р., Муктарова Э., Далбаев С., Далбаева М., Сейдакматова Ж., Жаманбаева Т., Бегалиев М.А., Осмонов Б.С., Осмонов К.А., Меңдебаиров Н., Кулинский А.В.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу