Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына учуп кетти

13 Баш оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Евразиялык экономикалык биримдигинин Евразиялык Өкмөттөр  аралык кещешинин эртещ, 14-августта өтүүчү  жыйынына катышуу үчүн Астана (Казакстан Республикасы) шаарына учуп кетти.

Евразиялык экономикалык биримдигинин Евразиялык Өкмөттөр аралык кещешинин кезектеги жыйынынын алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жана Россия  Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жумушчу жолугушууларды өткөрөт.

Евразиялык экономикалык биримдигинин Евразиялык Өкмөттөр аралык кещешинин жыйынында ЕврАзЭБдин  кън тартибиндеги негизги багыттарын ишке ашырууга даярдыктардын жүрүшү жана мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндөгү макулдашуу долбоору талкууланат.

Мындан тышкары ЕАЭБ жалпы энергетикалык рыногунун  алкагында борборлоштурулган сооданы уюштуруу үчүн соода аянтчаларын пайдалануу тууралуу маселе, аталган рынокту түзүү боюнча иш чараларды каржылоо, негизги багыттарды ишке ашыруу боюнча («жол картасы») иш чараларды бекитүү тууралуу жана ЕврАзЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук саясатын,  анын ичинде 2018-2020-жылдары аба транспортунун этаптарын  ишке ашыруу маселелери каралат.

Ошондой эле ЕврАзЭБ Бажы Кодекси жөнүндө макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды өткөрүү маселелеси, товарларды декларациялоонун практикалык мониторинги жөнүндө отчетту сунуштоо, Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусу менен тобокелчилик тармактарын кабыл алууга байланыштуу жана ташылып келинген бажы төлөмдөрүнүн суммасын 2016-жылы мүчө мамлекеттердин бюджетти ортосунда которуу жана бөлүштүрүү жөнүндөгү отчетту угуу тууралуу маселелер каралат.

Кыргыз Республикасынын делегация курамында: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакыт Шаршембиев, КР Өкмөтүнө  караштуу мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Азамат Сулайманов, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Уметалиев, Премьер-министрдин кещешчиси Нурсулу Ахметова, Өкмөтү  Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы  Айбек Айдарбеков, Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү