Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү татыктуу кадрлардан көз каранды

18 Баш оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 18-августта, JDS долбоорунун 11 топтогу стипендиаттары менен жолугушту.

Биринчи вице-премьер-министр Япония мамлекетине кетип жаткан кезектеги жаш мамлекеттик кызматкерлерди узатып жатып, аларга эки жыл аралыгында татыктуу билим алып, аны кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн жумшоосуна багыт берди.

«Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү татыктуу кадрлардан көз каранды. Бул долбоор 2007-жылдан тартып жүзөгө ашырылып келе жатат жана бүгүнкү күнгө карата JDS долбоорунун стипендиаттарынын он биринчи тобу түзүлдү. Кыргыз Республикасынын кадрларын даярдоодо Япония Өкмөтүнүн колдоосун биз жогору баалайбыз, ушундан улам Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Жыйында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ямамура Есихиро сөз сүйлөп, Япония Кыргызстанга билим берүү тармагында жана мамлекеттик башкаруу багытында колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Эскерте кетсек бүгүнкү күндө чейин JDS долбоору боюнча 161 кыргыз стипендианттары билим алышкан. Алардын эки жылдык окуусунан сырткары бардык чыгымдары Япония Өкмөтү тарабынан каржыланат.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 
маалыматтык камсыздоо бөлүгү