Премьер-министр Сапар Исаков: Кумтөр кенин калыбына келтирүү Фондунун каражаты чет мамлекеттин юрисдикциясынан Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына которулат

9 Аяк оона, 2017

Кумтөр кенин калыбына келтирүү Фондунун 23 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатын чет мамлекеттин юрисдикциясынан Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына которуу тууралуу келишим түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 9-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде жайгашкан, алтын өндүрүүчү «Kumtor Gold Company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди.

«Калыбына келтирүү Фондунун каражаты керектүү аймактарда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү  менен бирге ата мекендик экономиканын кызыкчылыгына колдонулат. Жакынкы 8-9 жыл аралыгында калыбына келтирүү Фондунун каражаты 70 млн. АКШ долларына чейин көбөйөт. Аны менен бирге «Centerra Gold Inc.»компаниясы 50 млн. АКШ долларын бөлүү тууралуу орток келишимге келди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аталган каражат Ысык-Көлдүн жээгине жакын жайгашкан шаар, айылдардын суу түтүктөрүн курууга жумшалат. Бул иштер этап-этабы менен жүргүзүлөт. Эң башкысы тазалоочу түтүкөр Кумтөр кенине жакын жайгашкан айылдарга жана калк көп жайгашкан жерлерге орнотулат», — деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү