КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 511 токтому

21 Баш оона, 2017

Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында уруксат берилген иштин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 20-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана

17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

         1. Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында уруксат берилген иштин түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

         2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

         3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

 

Премьер – министр                                                            С.Ш.Жээнбеков