Премьер-министр Сапар Исаков иш сапары менен Нарын облусунда болду

20 Аяк оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков иш сапары менен Нарын облусунда болду. Иш сапардын жүрүшүндө бир катар инфраструктуралык обьектилер менен таанышып, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жана Борбор Азия Университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолукту.

Өкмөт башчы Сапар Исаков өнөр жай жана соода-логистикалык заманбап борборду куруу үчүн сунушталган аймактагы жер участкасын карап чыгып, бул долбоорду ишке ашыруу боюнча, планды иштеп чыгууга жана берүүгө бир жумалык мөөнөт берди.

«Кыргыз Республикасы ЕАЭБ киргенден бери, чек арага жакын жайгашкан аймактар өздөрүн өнүктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүк алышты. Эгерде, өнөр жай соода – логистикалык борбор өз ишин баштаса, Кыргыз Республикасын динамикалуу өнүктүрүүдө, соода экономикасы жагынан  кызматташууга кызыктар болгондор, кошуналарыбызды кошкондо жана алар бири-бири менен кызматташуусунда баардык тарабынан утушат»-деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан, турак үйдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.   Республикалык бюджеттен каржыланган турак жайдын курулушу 2017-жылдын апрель айында башталган. Анын жалпы сметалык баасы 48 млн. 233 мин 415 сомду түзөт.

Сапар Исаков курулуш иштери өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүшү керектигин баса белгиледи.

Андан соң, Премьер-министр Нарын аймактык зоналык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды. Өкмөт башчыбыз имаратты калыбына келтирүүдөгү курулуш иштерине өзгөчө көңүл бөлдү. Өз маалында жогорудагы көрсөтүлгөн иштер соңуна чыгуусуна 1,5 млн. сом бөлүндү, кийинчерээк жаңы талапка ээ болгон иш шаймандары сатылып алынат.

Нарын аймактык зоналык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун иш баштоосу менен Нарын дубаныбыздын дыйкандары, чарба ээлери өз өнүмдөрүн , өзгөчө эт жана сүт өнүмдөрүн 180 миллиондук базары бар ЕАЭБ мамлекеттерине багытоосуна шартуу мүмкүнчүлүк алышат. Ушуга караштуу курулуш чараларын жана керектүү иш-шаймандарын орнотулуусун тездетилишин айрыкча белгилеп кетти.

Нарын областындагы иш сапарынын аякташы менен Премьер-министр Сапар Исаков Нарын шаарынын борбордук базарында болуп, ал жактан жети баланы жалгыз тарбиялап келе жаткан, “Баатыр эне” наамынын ээси Эркингүл Казиева менен жолугушту.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү