Премьер-министр Сапар Исаков аял ишкерлерди куттуктады

20 Аяк оона, 2017

Бүгүн, 20-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Сапар Исаков ишкерлердин күнүнө карата аял ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Ишкер аялдар үй-бүлөсүн карап,  балдарды тарбиялоо  менен бирге, биздин экономиканын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп, жумуш орундарын түзүү жана салык төлөмдөрүн төгүүдө орду зор. Мен бүгүн сиздерди куттуктаймын жана ишиңиздер  үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мен өтө сыймыктанып турам. Биз көрүнүктүү, таланттуу жана эмгекчил аялдар  менен сыймыктанабыз», – деди  Сапар Исаков өзүнүн куттуктоосунда.

Андан ары Премьер-министр «Жаңы доорго – кырк кадам» программасында ишкерлерге өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады. Өкмөттүн планында мамлекеттик тейлөөлөрдү санариптештирип, ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү негизги багыт катары каралганын да билдирди.

Премьер-министр тактап айтканда Мамлекеттик салык кызматынын иштөө форматын санариптештирүү: « Бул ишкерлердин ишин бир топ жеңилдетип, азыркы салыктык төлөмдөргө жана башка документ иштерине кеткен убакытты кыскартат»,-деп баса белгиледи.

Ошондой эле, Өкмөт жеке секторду жөнгө салуучу мыйзамдар чөйрөсүндө жана кыйынчылыктарды жоюу багытталган өзгөрүүлөрдү киргизүүгө ниеттенүүдө.

«Биз мамлекет менен бизнес сектордун ортосундагы тоскоолдуктары этабы менен алып салабыз», – деди Сапар Исаков.

Өз кезегинде ишкерлер КР Премьер-министрине Өкмөт тарабынан  бизнеске жагымдуу шарттар түзүлүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

«Биз жеке ишкер аялдар өтө кубанычтабыз. Акыркы 17 жылдан бери Өкмөтүнүн башчысы алгачкы ирет куттуктады. Өкмөткө кесипкөйлөрдүн жаш командасы келди, буга биздин кубанычыбызды айтып кетким келет. Азыртадан эле министрликтердин жана мекемелердин ишине, ишин түп-тамыры менен өзгөрткөн, прогрессивдүү көз карашын айткан өзгөрүүлөр сезилүүдө. Кыргыз Өкмөтүнүн аялдардын атынан ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин мындан аркы ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз», – деди «Каликова энд Ассошиэтс» ЖЧИ негиздөөчүсү Гүлнара Каликова.

«Өкмөт орто жана чакан бизнести колдоого алганы бизге абдан жакшы болду. Биз бул багытта кызматташууга даярбыз. Сиздерге көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз», – деп кошумчалады «Кичи ГЭС Ассоциациясы» ишканасынын аткаруучу директору Эльвира Бооромбаева.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү