Премьер-министр Сапар Исаков Өзгөн районунун Ак-Терек айылындагы мектептин курулушуна бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын териштирүүнү тапшырды

26 Аяк оона, 2017

Өзгөн районунун Ак-Терек айылындагы  орто мектептин курулушуна бөлүнгөн финансылык каражаттын максаттуу пайдаланылышын териштирүүнү зарыл. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусунун Өзгөн районундагы социалдык объекттердин курулушу менен таанышкан учурда берди.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-Терек айылындагы  150 окуучуга ылайыкталган орто мектептин курулушу менен таанышты.

Аталган мектептин курулушу 2016-жылы башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик аяктап, спорттук зал куруу жана жылуулук мештерин орнотуу иштери калды. Учурда  курулуш иштерине каралган 66 млн. сомдун  45 млн. сомду берилген.

Премьер-министр башынан эле курулуштун сметалык наркы жогору болгонун, коңшу айылдардагы ушул сыяктуу мектептер мындан арзан акчага бүткөрүлүп жатканына көңүл бурду.

Сапар Исаков Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине аталган мектептин  курулуш иштеринин сметалык наркын бекитүүдөгү документтерди жана аны максаттуу пайдалануу боюнча иштерди териштирүүгө бир жума убакыт берди.

Өкмөт башчы жакынкы аймактарда мындай мектептер аз каражатка курулуп жатканын эскертти.

Андан соң, Премьер-министр Өзгөн районунун Корбу-Таш айылындагы сметалык наркы 50 млн. сомду түзгөн орто мектептин курулушун көрдү.

«Аталган мектептин курулушунун баасы жогору. Муну эске алуу менен, долбоордун сметалык наркын карап чыгуу зарыл. Аны менен бирге курулуш иштерине мектептин сапатына өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени мектеп жер кыртышы жумшак болгон аймакта жайгашкан. Жаан-чачындын көп болушу бул аймакка көйгөй жаратышы ыктымал. Буга байланыштуу Транспорт жана жолдор минитсрлиги мектептин жолуна шагыл төгүп, кооптуу кыймылга шарт түзүүсү зарыл», — деди ал.

Өкмөт башчы Сапар Исаков шаардык базардан көп балалуу Каракөз Султанмуратованын үй-бүлөсү үчүн азык-түлүк сатып алып, анын жашоо шарты менен таанышып, андан соң Өзгөн шаарынын тургундары менен жолукту.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү