Премьер-министр Сапар Исаков: Өлкөдө перинаталдык борбордун курулушу менен эне жана баланы коргоодо күчтүү илимий база түзүлүп, кырдаалды жакшыртууга конкреттүү натыйжалар болот

27 Аяк оона, 2017

«Өлкөдө перинаталдык борбордун курулушу менен эне жана баланы коргоодо күчтүү илимий база түзүлүп, кырдаалды жакшыртууга конкреттүү натыйжалар болот», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо Улуттук Борборунун аймагындагы оорукананын пайдубалын түптөө аземинде.

Өкмөт башчысы акыркы жылдары мамлекет тарабынан аткарылган иш чаралардын негизинде өлкөдө балдардын жана энелердин өлүмү 40% азайганын баса белгиледи.

«Бул Кыргызстан алдыдагы миң жылдыкта өнүктүрүү программасын ишке ашырууда туура жолдо бара жаткандыгынын далили десек болот. Биздин Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын жыйырма жетинчи кадамы дал ушул максатты көздөйт. Бул Өкмөттүн өлкөнүн өнүгүүсүн түптөөгө болгон аракетинин ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат», -  деди Сапар Исаков.

Премьер-министр эне жана баланы коргоо Өкмөттүн программасындагы негизги багыт экенин дагы бир жолу баса белгилеп, өзгөчө эне жана баланын өлүмүн кыскартуу өзөктүү багыттардын бири экенин кошумчалады.

Сапар Исаков аталган долбоорду ишке ашырууда Германиянын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, өлкөдө перинаталдык борбордун курулушу менен эне жана баланы коргоодо күчтүү илимий база түзүлүп, кырдаалды жакшыртууга конкретүү натыйжалар болорун айтып өттү.

Салтанаттуу иш чарага Германиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу өкүлү Петер Шольц, Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия  өлкөлөрү боюнча «KfW» Германия өнүктүрүү банкынын директору Олаф Цимельк, КР Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев  жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары катышты.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо Улуттук Борборунун имаратын куруу Кыргызстан менен Германиянын Өкмөттөр аралык макулдашусунун негизинде ишке ашууда. Ага ылайык Германия тарап кайтарымсыз негизде 10.5 млн. евро бөлүп, ал каражат  имараттын курулушуна жана заманбап медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Борбордун курулушу  «Эне жана баланы коргоо IV-V» долбоорунун алкагында ишке ашууда. Анын негизги максаты кош бойлуу энелерге жана ымыркайларга жардам берүү, бардык аймактарга медициналык кызматкерлерди даярдоо. Жаңы үч кабаттуу имаратта төрөт залы, операция бөлүмү жана жардам берүү кызматтар болот. Мындан сырткары 100 бейтапка ылайыкталган борбор акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык жабдуулар менен камтылган.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү